www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаадагы тигүү цехинде иштегендер «динге ашыкча» берилгендердин «жемине» кабылган. Ал жерде иштеген айрым тигүүчүлөр Максатбек Токтомушевди «Кудай» кылып алганы айтылууда. Тигүү цехиндеги чуулгандуу окуяны NazarNews маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.
«Ау, погончондор! Цехтеги хиджабчандар «террорист» болоруна аз калды.
«Мен жогорку билимдүү педагог болгонум менен жашоо-тиричиликтин айынан цехте тигүүчү болуп иштейм. Цехтеги кыздардын басымдуу көп бөлүгү хиджабчан. Болгондо да капкара хиджаб кийишет. Сүйлөгөн сөздөрү бүт - арабча «иншаллах», «машаллах» жана орусча «дура», «на...уй», «по...уй», «блять...» Бул сөздөрдү кошпой сүйлөсө, айта турган пикирлеринин тузу кемип калгансыйт.
Арабызда бир эже автокырсыктын айынан күйөөсү экөө 3 баласын таштап, о дүйнө кетип калды. Ошол эженин жетим калган 3 баласы кийим-кечеси менен тамак-ашына акчасы жок болгондуктан, мектептен чыгып, медресеге кирип, молдолордон токмок жеп жатышыптыр. Аны укканда денем титиреп, аябай жаман болуп кеттим.
- Байкуш балдар ай. Ата-энеси болгондо бул балдар мектепти бүтүрүп, бир кесипке ээ болбойт беле. Эми медреседен алар же террорист, же психикасы жабыркаган оорулуу болуп чыгышат да, - деп оозумду жыйып алганча баягы хиджабчандар туш тараптан баягы көнгөн адатынча арабча жана орусча ажылдап, акемди айда окутушту.
Цехтеги кондиционерден чыккан жел тийип, кулагым катуу ооруп калыптыр. Ашыкча үндү укканда нервим зырпылдап, эч нерсени жактырбай тургам. Дал ошол кезде бир хиджабчан башка элди көзгө илбей, Максатбек Токтомушевдин дааватын телефондун үнүн болушунча чыгарып, угуп жатты. Кулагым жарылып кетчүдөй болуп, жаным көзүмө көрүнө түштү.
- Акырындатып укчу алдагыны аңылдатпай! - дедим ооруган кулагымды колум менен баса калып.
Баягы хиджабчан мага атырылып жетип келип,
- Сен Максат ажынын дааватын укпагыдай ким экенсиң? Максат ажыны «аңылдатпай» дегенге кантип оозуң барды? - деди көздөрүнөн заарын чыгарып, эки колун бөйрөгүнө таяп.
- Максат ажы, эмне, Аллах беле? - дедим жиним келип.
- Мен үчүн Максат ажы Аллах, - деди алкылдаган хиджабчан.
- Максат ажы Аллах эмес. Ал болгону дин таратуучу, пенде. Ал эми Аллах - бул Жараткандын арабча аты, - дедим мен.
- Сен баптистсиң! Сен теңирчисиң! Сен Аллахты да, Максат ажыны да, араб тилин да оозанууга акың жок! - деди хиджабчан лакылдап кыйкырып, көздөрүнөн заар чачып.
- Эмнеге оозанууга акым жок? Менин укуктарымды чектегидей сен кимсиң? - дедим мен.
- Чыгып кет цехтен! Бул цех мусулмандарга гана тиешелүү. Цехте сага окшогон баптисттер менен теңирчилерге цехте орун жок! - хиджабчан мени жутуп жиберчүдөй карап, колу менен эшикти көрсөттү.
- Менин баптист, же теңирчи экениме далилиң барбы? Же башкаларга жалган жалаа жабуу - сенин диниңдин парзыбы? - мен да ачууга алдыра кыйкырдым.
- Чыгып кет цехтен! Же болбосо, чачыңдан сүйрөп чыгарам.
- Максат ажынын Аллах эмес экенин, болгону дин тараткан пенде экенин айтса эле чачтан сүйрөп чыгарууга мыйзам бар бекен? - мен чыйрала түштүм.
- Мен мыйзам-сыйзамыңа түкүрдүм! Аллах Акбар! - хиджабчанды жин даарыгандай боло түштү. - Муну ким жараткан? - хиджабчан тигүүчү машинаны түйүлгөн муштуму менен катуу чаап жиберди.
- Бул машинанын алгачкы экземплярын америкалык ойлоп табуучу Айзек Зингер жараткан, - дедим жогорку билимиме таянып.
- Сен шайтансың! Чыгып кет цехтен. Болбосо, сени Аллах үчүн өлтүрөм! Аллах Акбар! Баракатух, сарахатух, - кыскасы, хиджабчан өзү билген тилде кыйкырып, мага кол салууга жулунду.
Цехтеги аялдар анын жолун тороп, мени цехтен чыгып кетүүмдү суранышты.
Албетте, жин даарыган зомбиге теңелип эмне кылам. Цехтен чыгып кеттим. Бирок, менде мындай суроолор жаралды:
1. Хиджабчандар Аллахка ишенеби, же алардын Аллахы Максатбек Токтомушевби?
2. Арстан Алай Кудай, ал эми Максатбек Токтомушев Аллах экенин кантип далилдесе, же тастыктаса болот?
3. Пендени Аллахка айлантуу - ширк (кечирилгис күнөө) да, туурабы?
4. Хиджабчандарга араб тили жана дин таратуучу айрым пенделер үчүн башка элди цехтен кууп чыкканга, аларга акаарат келтиргенге, аларга кол салганга ким укук берди?
ИИМдин 10-бөлүмү, УКМК ж.б. бараандуу органдар цехтердеги агрессиялуу хиджабчандарга көңүл буруп койгула. Алар «уже» террористтерге айлана башташты».
Булак: NazarNews.kg