www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек менен Ашхабаддын ортосундагы карым-катыш күчтөнүшү мүмкүн. Мындай пикирди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул билдирди. 

--"Президенттин сапарынын натыйжасында, Бишкек менен Ашхабаддын ортосундагы карым-катыш ар кайсыл багыттарда күчтөнүшү мүмкүн. Бирок сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн коопсуздук, Ооганстандагы жагдай жана суу маселеси түзөт деп боолгоп турам. Суу демекчи, экономикалык ресурсту башкаруу деген түшүнүк бар эмеспи. Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин айрымдары суунун башында, кээ бирлери ылдый жагында жайгашкан. Суу дипломатиясы жаатында Түркмөнстандын ролу маанилүү. Алар Ооганстанга кетчү сууну көзөмөлдөйт. Ушул маселеде Кыргызстан так позиция менен сүйлөшүүгө тийиш.

Эки президенттин жолугушуусунда газ маселеси тууралуу да кеп козголушу ыктымал. Газ жагынан алганда Түркмөнстандын Кытай менен мамилеси жакын. Бээжиндин акчасы менен бир канча газ түтүктөрү салынган. Кийинчерээк газ боюнча Түркмөнстандын чөлкөмдөгү ролу маанилүү болот", - дейт серепчи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости