www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу жетпей Чүй өрөөнүндөгү райондордун дыйканчылык талаалары күйүп жатат, ушул жана башка азыркы учурдагы курчуп кеткен маселелер боюнча министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Жогорку Кеңешке чакырылган. Асманга көтөрүлгөн баалар, кымбатчылык, азык-түлүк коопсуздугу, сугат суунун тартыштыгы, кадрлар, өпчап болуп жаткан каржы, күндөн-күнгө абалы оорлоп бараткан экономика сыяктуу көйгөйлөр айтылды.

Айрым депутаттар төрт айдан бери ишинен майнап чыкпаган министрлер кабинетинин башчысын «ачыбаган камырдай болбой кетпейсиңби!» дегенге чейин барышты. Ал эми кеп жебеген министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов «эгер маселе менде болсо, азыр кеткенге даярмын. Мен деле жыргап, мындай бир удовольствие алып иштеп жаткан жерим жок, кыйынчылык болуп жатат... Бул кызматка бир секунд да кармалбайм» деди.

Маңыроо депутаттар бул сөздүн төркүнүн түшүнүшкөн жок. Бир гана Б.Райымкулов «бир эмес үч жолу «кетем» дедиң, кетсең кет!» деп катуу айтты. «Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт” дегендей, Мариповдун сөзүнөн ал мамлекеттин жүгүн тарта албай турганы, жоопкерчиликти сезбегени, ишке көңүлү жоктугу ушул кырдаалда ачык эле көрүнүп калды. У.Мариповдун айтуусу боюнча взяткасы жок жерде «удовольствие» менен иштегенге болбойт экен.

Кыязы, эсеп палатасында взятка алып, «жыргап» иштегенби? Кургакчылыкта суу жетпеген арпа, буудай, кызылча, жүгөрү талаалары күйүп кеткендиктен, эксперттер күздө түшүм 70 пайызга аз жыйналарын айтышууда. Ала жазда камырабай, кам көрбөй жүрүшүп, «көсөөнүн акылы түштөн кийин» болуп, дыйкандардын эмгеги талаага кеткенден кийин эми 200 суу чыгаруучу скважиналарды оңдоп ишке киргизүүнү пландаштырып жатыптыр, анысы деле качан бүтөрү белгисиз.

Төрт айдан бери же антикризистик программа түзө албаган Улукбек Марипов парламентте иштин жыйынтыгын талап кылышса, иштей албай жатканын мойнуна алгысы келбей, «кетем» деп ыргыштап, айтор, «кыз боозуп, энесин коркутат» дегендей эле болуптур... Балкондо чоңоюп, оордун үстү, жеңилдин асты менен жүргөн Улукбек Марипов экс-депутат атасынын аркасы менен губернатордун жардамчысы, президенттин жардамчысы кызматтарына жетип, протекция менен өсүп көнгөн.

Анан да өлкө туташ кризиске белчесинен батып, эл кыйналып жатса, ал өзү реалдуу кадамдарды жасай албай, барган жерлерин, ары-бери басканын рекламалаганды жакшы көрөт. Талаа-түзгө барса да, «Giorgio Armani» костюмун жарнама кылган мода көрсөтчү подиумга чыкчудай болуп, жасанып, короздонгон министрлер кабинетинин башчысы «өтүк кийебиз» деп кооз сүйлөгөнү менен жеңин түрүнүп, кара жанын карч уруп, тер төгүп иштегени дегеле байкалбайт...

Кара курсагынан башканы ойлобогон, ар-намысы жок, шалтурук өкмөт башчыларынын азабын тарткан элибиз дагы деле бир топ кыйналат окшойт. Анткени өлкө экономикалык, каржы, азык-түлүк кризисинин сормо сазына батып баратат...

Булак: Азия News гезити

Последние новости