www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан сегиз кылым мурун дүйнөнү дүңгүрөтүп турган монголдор саны жагынан өтө чакталуу 3 миллиондон бир аз ашкан эл. Эгерде бир гана Чынгызхандын ааламга тараган тукумдарын эсептесек, монголдордон көптүк кылат. Анткени, Чыңгызхандын тукумдары өзбек, орус, украин, перс, казак, башкыр, татар сыяктуу толгон калктын арасына сиңип кеткен. Учурунда ушул жерлерде мамлекет башына бир гана Чыңгызхандын тукумдары келе турган. Ал эмес Мамай ханга окшогондор ошол тукумдан кыз алышып гана бийликке жетишкен. Чыңгызхан салгылашууга чыгар алдында наристелер төрөлбөсүн деп тыюу салчу экен, анын буйругун укпай боюнда болгон келиндердин башын алып салчу дешет, ушул себептен монголдордун саны аз болсо, дагы бир себеби монголдор кайсы жерге барса ошол элдин динин, тилин кабыл алышып, ошол элге сиңип кеткен. Коронавирус алдында башка “Чыңгызхандар” да чыкты, Чыңгызхандын түз тукуму Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев казак элине тойлорго беш жылга тыюу салган жатат. Демек, казак жаштары беш жылга үйлөнбөсүн деп ата-теги Чыңгызханды туурап, наристелердин келишине каршы болуп жатабы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg