www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясында өзүнүн опол тоодой орду бар, кыргыз милициясына эмгеги сиңген Молдомуса Конгантиевдин бүгүн, 31-март туулган күнү. Генерал-лейтенант Молдомуса Ташболотович Конгантиев 1958-жылы 31-мартта Ош облусу, Майлы-Сай шаарында туулган.

Конгантиев 1989-жылы КМУну бүткөн. 1979–1980-жылдары Майлы-Сай шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу мамлекеттик банктын күзөт бөлүмүндө милиционер, 1980–1985-жылдары Майлы-Сай шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүндө нөөмөтчүнүн жардамчысы, милиционер, 1985–91-жылдары Өзгөн, Кара-Суу, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмдөрүндө инспектор, нөөмөтчү улук оперуполномочен, СССР ИИМдин аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүндө улук оперуполномочен, 1991–1993-жылдары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө бөлүмдүн начальниги, 1993-жылдан оперативдик иштер боюнча начальниктин орун басары, 1995–1998-жылдары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында издөө бөлүмдүн начальниги, 1998–1999-жылдары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө бөлүмдүн начальнигинин орун басары, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында, 1999–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер минстрлигинин регион аралык башкармалыгында бөлүмдүн начальниги, 2000–2001-жылдары Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө кадрлар боюнча начальниктин орун басары, 2001–2002-жылдары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө, 2002–2005-жылдары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында шаардык ички иштер бөлүмүндө бөлүмдүн начальниги, 2005–08-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, 2008–2010-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп иштеген.

Эл уулу Молдомуса Конгантиевдин туулган күнү менен куттуктайбыз. Алтын башы аман, кыргыз элинин сыймыктанган уулу болуп жүрө берсин! Сатпаган, сатылбаган, эр жүрөк кыргыз саясатында бир калыпта келе жаткан Конгантиевге ден соолук каалайбыз. 

NazarNews маалымат агенттигинин жалпы жамааты

Последние новости