www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык иштерде кош стандарттарга, бурмалоолорго, кысымга жана коркутууларга орун жок, Кытай буга ар дайым каршы болуп келген. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян билдирди.

Чжао Лицзяндын айтымында, Пекин ошондой эле Украинанын айланасындагы кризисти чечүүнүн тынчтык жолдорун колдойт жана анын позициясын бурмалоого же каралоого жол бербейт.

Дипломат Пекин да Киевге жигердүү гуманитардык жардам көрсөтүп жатканын жана “абалды жеңилдетүү, кризисти жөнгө салуу жана тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн олуттуу аракеттерди көрүп жатканын” эске салды.

Кытай бийликтери согуштук аракеттерди токтотууга бир нече жолу чакырып келгени менен, алар Украинанын тегерегиндеги кризистин чечилишине түздөн-түз таасир этүүдөн да баш тартышты.

Кошумчалай кетсек, Бээжин атайын операция башталганын жарыялаган расмий Москванын аракеттерин айыптоодон баш тартканы үчүн сынга алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости