www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турмуштун оор кырдаалынан чыгууга, алардын жүрүм-турумунун көз каранды мотивин азайтууга жигердүү кадамдарды жасоого түрткү берүү үчүн жумушка орноштуруу боюнча активдүү чараларды күчөтүү керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова жана БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун орун басары Хильке Давид “Нарын жана Баткен аймактарында жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрү аркылуу жакыр жана аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн кирешесин жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу” жаңы долбоорун эрте баштоо маселесин талкуулашты.

Долбоордун негизги максаты - кедей-кембагалдардын жана аялуу чакан айылдык фермерлердин коопсуз жана табигый продукцияны өстүрүү жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле коомдук жеке өнөктөштүк бизнес-моделин иштеп чыгуу аркылуу кедей-кембагалдар жана калктын аялуу катмары үчүн жумуш орундарын түзүү, максаттуу багыттар боюнча жергиликтүү жана региондук экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу.

"Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аз камсыз болгон жарандарды колдоого багытталган коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну улантууну, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн коомдук жумуштарга катышуусу жана айыл-чарба жана өндүрүштүн башка түрлөрүн жүргүзүү үчүн окутуу жана квалификациясын, билимин жана технологияларын өркүндөтүү түрүндө социалдык колдоо чараларын кеңейтүүнү макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости