www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин тармактык комитетинде прокуратура органдарынын былтыр аткарган иштери тууралуу отчет берүүдө.

Курманкул Зулушевдин айтымында, 2020-жылы Европа коопсуздук келишим уюмунун эксперттик жардамы менен мамлекеттик органдарга талдоо жүргүзүлгөн.

Анда мамлекеттик органдардын жарандарга кызмат көрсөтүүлөрү, коррупциялык көрүнүштөр, ишеним телефондору, арыз-даттануулар, органдын кызматкерлерине ачылган кылмыш иштери жана башка критерийлер эске алынган.

Натыйжада коорупциялашкан мамлекеттик органдар деп төмөнкүлөр аныкталды:

- Мамлекеттик каттоо кызматы;

- Транпспорт жана жолдор министрлиги;

- Ички иштер министрлиги;

- Билим берүү жана илим министрлиги;

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде (азыркы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги) коррупция көп деп табылды.

«Бул мекемелер мамлекеттик кызматтарды көп көрсөтүп, эл менен көп иштешет. Ошондуктан, ар кандай корруцпиялык көрүнүштөргө барууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бул критерийлерге кирбей калган органдар да бар. Бүгүн жашыруун эмес, бардык органдар коррупциялык сазга баткан», - дейт Зулушев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости