www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Аялдар менен жаштар депутат болсо карапайым элге жакшы болот”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова.

--“Жогорку Кеңешке көйгөйү көп аймактардан депутат келсе туура болот. Мына биз 6-чакырылштан баарына көзүбүз жетип калды. Ар бир тармактан депутат болгону абдан жакшы. Мисалы, дарыгер, мугалим жана социалдык кызматкерлерден болсо көйгөйлөрдү жакшы чечишмек. Баарыбызга белгилүү болгондой эң оор аймак болуп Баткен облусу эсептелинет.

Мен Баткенде 40 жыл жашап, иштеп келген адам катары ал жактын кырдаалын жакшы билем. Жыйында дайыма ал жактагы чек ара маселесин же башка көйгөйлөрдү көтөрүп келем. Ошону менен катар депутаттыкка жеке ишкерлер келгени абдан туура. Себеби, алар мамлекетке көп жардам берип эле тим болбостон, ишкерлердин жана жаңыдан бизнес баштаган адамдарга жардам беришет.

Тактап айтканда салыктарды жеңилдетүүгө көмөктөшүп келишет. Мен айтаар элем кийинки чакырылышта аялдар менен жаштар келсе, карапайым элге жакын болуп, көйгөйлөрдү чечкенге жакшы болмок”, - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости