www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Жакынкы күндөрү жаан-чачын нөшөрлөп жаап, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, 20-апрелден 24-апрелге чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Кар көчкү түшүшү ыктымал деген аймактар:

Бишкек — Ош унаа жолунун 132-137-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);

Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;

Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 71-75-чакырымы (Чапчыма ашуусу);

Кара-Кысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу;

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 74-76, 86-880-чакырымы;

Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 295-300-чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);

Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там автоунаа жолунун 161-179-чакырымы (Талдык ашуусу);

Каракол — Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу).

Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экени эскертилди.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Ошондой эле, үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч келтирери айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости