www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Бишкекте жана Чүйдө эпидемиологиялык абал курч

Акыркы маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абал курч. Ал эми калган аймактарда абал туруктуу. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.

«Өлкө боюнча үчүнчү толкунга даярдануу үчүн эки этапта даярдыктар көрүлүп жатат. Стационарларга керебеттер коюлууда. Бүгүнкү күндө 2 миң 361 керебет бейтаптарды дарылоодо колдонулуп жатат. Булардын ичинен 1125и бош турат.

Бишкек шаарында керебеттердин саны чукул азайгандыгына байланыштуу кошумча 132 орун даярдалды.

Азыркы учурда кызыл зонада 214 дарыгер, 403 медайым иштеп жатат», - деди Жалалидин Рахматуллаев.

Ошондой эле, министрдин орун басары калкты санитардык нормаларды так аткаруу менен илдеттен сактанууга боло тургандыгын айтып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости