www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен бул турмуштун лажасымын, Хрущев жана Аджубейдин бажасымын. Акындардын ажосумун. “Бейиш кайда” ? Бейиш аялымдын кухнясында. Менин бөлмөмө куурулган пияз менен эттин жыты келгенде аябай жыргайм. Акын Сүйөркул Тургунбаев “аял-мончо” деген. А мен “аял-түрмө” деп уладым. Аял-бейиш, жашоого негиз, аялың жаныңда болсо телегейиң тегиз. Кыз, айымдын өзү пляж, Кудай аял-эркек деп бөлүп, бирине-бирин издетип койгону ырас.

Үйлөнгөндө чынында бакыт эмне экенин билдим. Колтукташып жаз менен, көчөдө келем эркелетип логиканы, эмоция эмем. Көчөдө баратсам, калпагым кыз-келин жакка кайкая берет. Ай кыздар, кыздар, байпагым кызыл, көргүлө. Жаз маалында үрөн сепсем талаага. Миллион телпек өсүп чыкты. Өзүм калдым терең санаада.

Көнөктөгөн жамгыр алдында калганымда кол чатыр көтөргөн бир кызга:
– Кол чатырыңыздын алдына квартирант болуп кирип алайынчы, – десем, чунаңдап жолотпой койду.

Душманды алыстан издебеш керек. Ал дайыма жаныңда акмалап жүрөт. Сен жөнүндө сөз ташыйт, сырыңды тыңшайт. Көп кыз-келиндер менен жүргөндө кайра бактысыз болдум.

Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар. Бул дүйнөдө тунук шайтандар көп. Туп-тунук сулуу кыздар анык шайтан, анан арак. Тунук арак ичке киргенден кийин соо адамды жиндиге айлантат. Иттер, куштар, чымчыктар менин ырларымды жатка билет. Алар менин ойлорумду тыңшап жашайт.

Турмуштун түзүлүшү шахматтай да, шашкидей да. Шашкинин фигураларынын баары тегиз болсо да, дамкеге чыкмайы бар. Шахматта болсо, адегенде жүрүштү кичинекей пешкалар баштайт. Алардан аттар гана аттап өтүп, мурда көчүү акысын ала алышат. Жакшылап ойлоп бакса, турмуштун көп мыйзамы шахматта сиңирилген.

Көчөдөн текирең-таскак салган бир келин оймоктой оозун чормойтуп:
– Сен акын болсоң эле Пушкиндей болмок белең. Эптеп-септеп ыр жазып жүргөнүңү колко кылба! Дөңдөн түшкөн арабадай болбой, бараткан жолуңа түш, – деп, ичимди аябай күйгүздү. Көчөдөн дагы бир келинге тийишсем:
– Жугунду аңдыган ит го мобу, – дейт. Ошол келинге кийин жолуксам:
– Сен мага жагып калдың, – дегенде мен:
– Анара, мен эми сенден башка сулуулардын көңүлүнө жагып калдым, – деп, карабай басып кеттим.

Саясат дегениң асмандагы булуттай тез-тез удургуп, өзгөрүп турат. Мага калем алдырган мен эмес, мендеги жүрөк толкуну. Иштен кийин окуудан тараган студенттер менен ары түртүшүп, бери түртүшүп алганда денем жакшы бир машыгып алгансып, алардын деминен, күчүнөн чоң ырахат алам.

Турмуш дудукту да колун жаңсатып сүйлөтөт. Чолокту да чолоңдотуп, бир жакка шаштырып жүрөт. Турмуштун баардык тозогуна төшүм ачык. Болбосо акын болот белем. Табигаттын аптекасы – мөңгүлүү Ала-Тоо. Кээде биз кудум эле айнектен чыга албай дыңылдап аткан аарыга окшоп, жөнөкөй тоскоолдукту да жеңе албайбыз.

Тагдырдын сезип омогун. Улайлы сүйүү жомогун. Шерше ля фам. Шаршен атам. Биздин турмуш жакшы. Аяштардын этегиндей көйкөлөт. Көп көңүлдөр сулууларды көргөн кезде өйкөлөт. Чиркин сүйүү. Сүйүлүүдө болгондор. Делбетап. Ээликме жана жээликме. Сүйүү-бул турмуштун лүкүлдөгөн, дүкүлдөгөн локомотиви. Өргүл, өткүр локомотиви.

Москва – Мас күйөө деп чечилет. Мидин, Есенин, Байдылдача мени да «кабак» колдоп кабагым ачкан көп ирет. Күйөөсү менен аялы узак ойногон магнитофон пластинкасындай тура. “Ой, сен тармал чач, аппак жигит элең. Эмне үчүн эми өзгөрүп кеттиң” деди Качкынбай Осмоналиев. “Эй, досум, азыр мен жаштыгымдын чучелосу гана болуп калбадымбы” дедим.

Сулуу кыз, айым аз болгон үчүн канча жигиттер жеген канжардын мизин. Байыркы Грециянын Троясында Елена деген сулуу үчүн болгон ырасында. Тарарам, Тарарамды ырдап барам, Тамараны ойлоп жыргап барам.

Согуш убагында турмуш начар болгон үчүн сулуулар кеткен азайып. Бир сулуу үчүн көп жигит өлтүрүлгөн. Азыр болсо бейпил доордо. Эл турмушу катуу оңолду араңдан зорго. Сулуулар кетти көбөйүп, метис балдар төрөлүп.

– Милийса эмне үчүн түндөсү хулигандардан коркпойт? – дейт бирөө.
– Өзү хулиган болсо эмнеге коркмок эле, – дедим.

Ыр акенин ой дүрмөттөрүнөн

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости