www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Депутаттар ар бир мыйзам долбоору менен сөзсүз таанышат", - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова.

--"Коомчулук айткандай депутаттар ар бир мыйзамды карабай коюшпайт. Сөзсүз окуп таанышып чыгат. Азыр коомдо айтылып келгендей депутаттар ар бир мыйзамды чыгаруунун алдында жакшы ойлонот. Анан коомдук талкууга коюп, аймактарды кыдырып, элге түшүндүрөт. Андан соң гана Жогорку Кеңештин сайтына чыгарылып, комитетте каралып, андан кийин чоң жыйында аябай талкуу болот. “Депутаттар мыйзамдардын долбооруна кайдыгер карап, таанышпай коюшат” деген туура эмес. Мен мыйзам долбоорун даярдаганда жети облусту түлө кыдырып, эл менен жеринде жолугуп, түшүндүргөм. Ошондуктан эл өкүлдөрү коомчулукка дыккат түшүндүрүп, кандай жакшы жактары бар ошону жеткириш керек. Эл билбесе, таанышпаса анан нааразычылык күчөйт да", - дейт Орозова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости