www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдө акыркы бир жума ичинде 96 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясынан каза болду. Маалыматты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна таянуу менен чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 25-январдан 31-январга чейин COVID-19дун айынан дүйнөдө 96 миң 364 адам каза болгон. Каза болгондордун дээрлик жарымы Түндүк жана Түштүк Америкада (47277) каза болгон. Ал эми, Европада 36 миң 674 бейтап коронаирустан көз жумган. Ушул эле мезгилде инфекцияны 3 миллион 686 миң 110 адам жуктурган.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусунан дүйнөдө 3-жума катары менен өлүмдүн рекорддук санын каттады. Мурунку жумада 95 миң 991 адам каза болуп рекорд койсо, аркы жумада 93 миң 882 адам каза болгон.
Булак: NazarNews.kg