www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улукбек Марипов Коомчулукта талкууланып жаткан вице-премьер Эльвира Сурабалдиева менен айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин кызматка кайра алынбаганын тажрыйба аз экени менен байланыштырды. Марипов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди .
--"Ар тараптуу сунуштар эске алынды. Ошонун негизинде 16 өкмөт мүчөсүнүн тогузу жаңыдан келип жатат. Анан мурда төрт вице-премьер болсо, азыр бирөө эле болот. Биз же реформа жасашыбыз керек, же көңүлдү карашыбыз керек. Мындай принципти ачык эле айтайын", - деди Марипов.
Ал эми транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри кызматына сунушталган Гүлмира Абдралиеванын кесиби тигүүчү болгону менен иш жүзүндө тажрыйбасы мол экенин айтты.
Булак: NazarNews.kg