www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустун жаңы штаммы башка өлкөлөрдө жайылып жаткандыгына байланыштуу өлкөдө эпидемиологиялык абалды туруктуу дегенге болбойт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат жыйында билдирди.
«Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европа өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясынын жайылуу темпи төмөндөгөнүн билдирди. Бизде дагы илдеттин жайылуусу мурдагыдай жогору эмес. Бирок күн сайын калк арасында ооругандар аныкталууда, бул туруктуулукту билдирбейт. Ошондуктан, коюлган санитардык талаптарды (бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, антисептик колдонуу, дезинфекция иштерин жүргүзүү) аткарууну улантуу керек. Калктын көпчүлүк бөлүгү мындай талаптарды аткарбай жүрүшөт.
Бүгүнкү күндө коронавирустун жаңы штаммы жана мутациясы жөнүндө көптөгөн маалыматтар бар. Арасында британдык штаммдын жайылуусу жогору. Бул вирус 60тан ашуун өлкөдө катталды, анын ичинде Өзбекстанда дагы аныкталды. Андыктан биз өзүбүздү жана жакындарыбызды коргоо үчүн бардык чараларды көрүшүбүз керек», - деди министрдин орун басары.
Булак: NazarNews.kg