www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус пандемиясынан улам чет өлкөлөрдө калып калган түркмөнстандык жарандар мекенине кайтуусун улантууда. Буга байланыштуу өлкөдөгү карантиндик жайларда орундар тартыш болуп, жаңылары курула баштады.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын Лебап облусундагы кабарчысы билдиргендей, аймакта төртүнчү карантиндик жайдын курулушу башталды. Ал апрелдин башында колдонууга берилет деп күтүлүүдө.

Бийлик карантиндик жайларды жакшыртуу жана кеңейтүү чечими тууралуу марттын ортосунда билдирген. 15-мартта өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары менен Лебап облусунун башчысы аймактагы 500 кишиге ылайыкташкан карантиндик жайдын абалы менен таанышып келишкен.

Лебап облусунун саламаттык сактоо системасында иштеген өз булактын маалыматына караганда, бийлик жалпысынан карантиндик аймактардагы орундардын санын 7 миңге жеткирүүнү пландоодо.

Түркмөнстандын мыйзамдарына ылайык, өлкөгө кирген ар бир адам үч жумалык карантинде болууга милдеттүү. Булактын айтымында, тиешелүү инфраструктуранын жоктугунан улам бийлик акыркы кездери өлкөгө келген жарандардын санын чектеп жатат.

Ал ортодо өлкөдө коронавируска каршы эмдөө иштери уланууда. 23-24-март күндөрү баш калаа Ашхабаддагы көптөгөн бейтапканаларда улгайган адамдар эмдөөдөн өткөрүлгөнү кабарланган. Бул үчүн Кытайдын «Vero Cell» вакцинасы колдонулган. Буга чейин медицина кызматкерлери жана дарыканада иштегендер эмделген.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин айтып келет. Мамлекеттик ЖМКларда дүйнөдөгү коронавирус пандемиясы, ага байланыштуу бийликтин чаралары жана калкты эмдөө иштери тууралуу дээрлик маалымат айтылбайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости