www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда коронавирус соңку бир суткада 97 кишинин өмүрүн алды. 7500дөй кишиден вирус аныкталды. Жогорку көрсөткүчтөр коронавирустун "дельта" штаммына байланыштуу экенин саламаттык сактоо министри Алексей Цой 29-июлда билдирди.

Ал ошондой эле, оор абалдагылардын көбүнүн өнөкөт оорулары болгонун жана вакцина албагандар экенин кошумчалады.

"Тилекке каршы, ооругандардын 99% эмделбегендер. Муну токтотуу үчүн бардык чараларды көрүп, вакцинация кампаниясын күчөтүүдөбүз", - деди Цой.

Министрдин айтымында, учурда инфекциялык ооруканалардын жарымынан көбү толгон. Цой айрым аймактарда ооруканаларда орун калбай калуусу мүмкүн экенин эскертти.

Казакстанда элди Карагандада чыгарылган Орусиянын «Спутник V», жергиликтүү QazVac жана Кытайдын CoronaVac вакциналары менен эмдеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости