www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыркыга салыштырмалуу быйыл кепилденген юридикалык жардам алган жарандардын саны 50-60% га көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда маалымат жыйында Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков айтты.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу кепилденген юридикалык жардам алган жарандардын саны 50-60% га көбөйгөн.

“Бул биздин жана Юстиция министрлигинин маалымат берүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын жана ай сайын борборлорго кайрылган жарандардын саны өсүп жаткандыгын айгинелейт. Бирок биздин милдет - көрсөтүлгөн юридикалык жардамдын санын эмес, сапатын жогорулатуу”, - деди ал.

Ал белгилегендей, адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу программасы бар.

“Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө адвокаттардын бирдиктүү реестринин адистештирилген тутуму түзүлдү. Балдарга жардам берүү жөндөмүнө ээ болгон адвокаттар бар. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин юридикалык кеңеш берүү ыкмаларына үйрөтөбүз”, - деди Калбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости