www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы жылдыз курбу кызына жигити менен бөлүшкөн?

Селена Гомес менен The Weeknd учурда бири-бирине төп келген кыз-жигиттер. Түгөйлөр бул жылдын жай айларында баш кошоору да белгилүү болду. Селена Гомес The Weekndди өзүнүн эң жакын курбу кызы Белла Хадидден тартып алган. The Weeknd менен Белла жакшы эл сүйлөшүп жүргөн маалда, экөө эки ажырым жолго түшүшкөн. Белладан The Weeknd кеткен соң, бир жума өтпөй ЖМКда Селена менен кыз-жигит болуп жүргөндүгү тууралуу макала жарык көрүп, бул жаңылык менен Белла кабардар болгон соң курбу кызын Instagram желесинен өчүрүп салган.

Селена 2009-жылы актёр Тейлор Лотнер менен да сүйүү мамилесинде болгон. Тейлорду да эң жакын курбу кызы ырчы Тейлор Свифттен тартып алган. Бул окуядан төрт жыл өтпөй Селена курбусу Майли Сайрустун Ник Жонас аттуу жигитин тартып алган. Учурда Селена үч курбусу менен тең сүйлөшпөйт. Баштагыдай жакшы мамиледе боло албаган курбулар учурда бири-бирине негативдүү пикирлерди айтып гана келишет.

Кейт Хадсон өзү музыкант мырзаларды жактырса да, бирок 2009-жылы бейсболист Алекс Родригестин сунушун четке каккан эмес. Экөөнүн сүйүү мамилелери бир жылга созулуп, Алекс Кейтти таштап, анын жакын курбу кызы Кэмерон Диас менен кыз-жигит болуп алган. Алекс дүйнөлүк жылдыздарды тез эле багынтып алат өңдүү. Себеби, учурда көпчүлүк мырзалардын кыялы болгон Женнифер Лопес менен сүйүү мамиледе болууда.

Никки Рид экс-жолдошу Иэн Сомерхолдерди эң жакын курбусу Нина Добреевадан тартып алган. Актёр Нина менен узак убакыт сүйүү мамиледе болуп, мамиле тойго жеткенде ортодон Никки чыккан.

Голливуддагы сырдашкан курбулар Женнифер Эннистон менен Кортни Кокстун бир учурда бир жигит менен сүйүү мамиеледе болуп калышат деп эч ким ойлобосо керек. Эки курбуну азгырган мырза Адам Дуриц болгон. Адам эң алгач Женнифер менен кыз-жигит болуп, андан соң актрисанын курбусу Кортниге өткөн.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости