www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба” –дейт кыргыздар. Бүлүнгөндөн бүлдургү тургай сотка да талашып алышыптыр. 2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн. Кырсыктын айынан аба майданынын жанындагы Дача-СУ айылынын 35 тургуну, андан тышкары учактагы төрт учкуч мерт болгон. Кырсыкта куткаруу иштерине ӨКМдин кызматкерлери да тартылган.

«Гонконг–Бишкек-Стамбул» багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгону жана ал Бишкекке май куюш үчүн конуп жатканы айтылган. Учактан түшкөн жүктөрдүн арасынан гаджеттер үчүн пайдалана турган кыргыз тилиндеги нускамалар, электрондук жабдууларды колдонуу боюнча кыргызча документтер табылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Дача-СУ конушуна кулаган учактан уюк телефондорду алып алышкан деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлерине кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Шек саналып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты кызматкерине карата 31-июлда өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматкери Асел Равшанбекова билдирди:

- 31-июль күнү сотко тергөөчү жана прокурор тарабынан материалдар келип түшкөн. Сот шектүүлөр боюнча ошол эле күнү чечим чыгарып, аларга эч жакка кетпөөгө милдеттендирүү бөгөт чарасы тандалды.

ӨКМдин кызматкерлерине «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып тагылууда. Айрым массалык маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып, бул иш боюнча ӨКМдин баш-аягы 100дөй кызматкери суралганын жазып чыгышты. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости