www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чогулган гуманитардык жардамдын 6 миллион сому эстеликти тургузуу үчүн «Үч периште» фондуна которулган. Бул тууралуу коомдук фонддун директору Венера Шейшенова Дачи СУдагы авиакырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссияда билдирди.

Анын айтымында, авиакырсыктын кесепетинен ал дароо үч баласын жоготкон – алар ал кезде 1,5, 5 жана 20 жашта болчу. Шейшенова ушуга байланыштуу аталган коомдук фондду түзгөн.

Жыйында ал коомдук комиссиянын мүчөлөрүнө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине чогулган гуманитардык жардамдан анын фондуна эмне үчүн 6 миллион сом бөлүнгөнүн айтып берди. «Мен Түркиядан жардам сурадым. Мамлекетке 6 миллион сом которушту, ал жактан бизге которушту. Бул акчага эстелик тургуздук», - дейт Венера Шейшенова.

Бирок ал «Үч периштеге» дагы 479 миң 550 сом эмнеге бөлүнгөнүн так түшүндүрө алган жок.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Гонконг-Стамбул каттамы менен келе жаткан Boeing 747 транспорттук жана жүк ташуучу учагы кулап, Кыргызстандын 35 жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза болгон.

Беш жылдан кийин президент Садыр Жапаров Дачи СУ айылындагы авиакырсыктын себептерин жана шарттарын иликтөө үчүн коомдук комиссия түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости