www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 14-июлда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйыны өттү.

Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчету угулду.

Иш-чара министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Видеоконференцбайланыш режимине өлкөнүн башка шаарларынын мэрлери жана облустардын акимдери да катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, каржы министри Алмаз Бакетаев, энергетика министри Доскул Бекмурзаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана башкалар баяндама жасашты.

Жыйындын жыйынтыгында президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости