www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дача СУ айылындагы кырсыктын себептерин иликтөө боюнча комиссия октябрь айынын аягына чейин иштейт. Бул тууралуу анын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, отчет ноябрда Жогорку Кеңешке берилип, президент Садыр Жапаров корутундуга кол коюшу керек.

Комиссиянын жыйынына мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чакырылат.

«Жакында жабырлануучуларга чогулган акчалар бюджетке түшкөнү тууралуу маалымат чыккан. Эмне үчүн мындай болгонун мурдагы министрлер кабинетинин башчысы түшүндүрүп берсин», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Гонконг-Стамбул каттамы боюнча келе жаткан Boeing 747 транспорттук жана жүк ташуучу учагы кулап, Кыргызстандын 35 жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза болгон.

Беш жылдан кийин президент Садыр Жапаров Дачи СУ айылындагы авиакырсыктын себептерин жана шарттарын иликтөө үчүн коомдук комиссия түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости