www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-августка караган түнү саат 03:30 чамасында Бишкектин Ленин районунун Абдраев көчөсүндө жайгашкан ижарага берилип келген сегиз бөлмөлүү батирден өрт чыгып, ал жанаша турган эки үйгө өткөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, батирлердин жанындагы мансард үйдүн экинчи кабатынын үч бөлмөсү, чатыры менен толук күйүп кеткен.

Биринчи кабатынын эки бөлмөсүнүн шыбын өрт чалган. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан Чугуев көчөсүндөгү 3 бөлмөлүү турак үйгө өтүп, үй толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө төрт бөлүм, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан атайын унаасы тартылып, тилсиз жоо эртең мененки саат 8ден өтүп өчүрүлдү.  Өрттүн жалпы аянты болжол менен 300 чарчы метрди түзөт.

Маалыматка караганда, жабыркагандар жок. Чыгымдын суммасы эсептелине элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости