www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дагестандын муфтияты аймакта никаб кийүүгө убактылуу тыюу салганын жарыялады. Бул тууралуу республиканын муфтийинин орун басары Абдул Салимов билдирди. Анын билдирүүсү муфтияттын Telegram каналында жарыяланды.

Салимовдун айтымында, бир күн мурун ЖМКлар никабдарга тыюу салуу жөнүндө фатва бөлүмүнүн корутундусун туура эмес чечмелешкен.

«Муфтият Улуттук саясат жана дин иштери боюнча министрлигинин кайрылуусуна таянып, аныкталган коркунучтар жоюлмайынча жана жаңы теологиялык корутунду чыкмайынча никаб кийүүгө убактылуу тыюу салууну жарыялайт», - деди ал.

Буга чейин Дагестандын муфтияты никабка жалпы тыюу салууга эч кандай негиз көрбөй турганын билдирген. Республиканын фатва бөлүмү шарият тексттерин талдоодон кийин ушундай жыйынтыкка келишкен. Ошол эле учурда анын жетекчиси Ахмед-Хаджи Исаев бул баш кийимди кийүү зарылчылыгы боюнча мусулман аалымдарынын пикирлери ар башка экенин баса белгилеген.

1-июлда республиканын муфтийи Ахмад Абдулаев Дагестанда никаб кийүүгө тыюу салуу боюнча фатва чыгаарын билдирген. Ал “аймакта толук тынчтык жана бейпилдик болмоюнча” чечим жокко чыгарылбасын баса белгиледи.

 

Последние новости