www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышуу үчүн азырынча бир да талапкерден арыз түшө элек. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, талапкерлерден арыз кабыл алуу 13-ноябрга чейин уланат.

Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкер шайлоо фондун түзүшү керек. Анын жогорку чеги 200 млн сом, талапкердин өз каражаты 15 млн сомго, жеке жана юридикалык жактардан түшчү каражат 50 млн сомго чейин болушу мүмкүн. Фонддон БШКнын атайын эсебине 1 млн сом кайтарымсыз которулат.

Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Буга чейин Садыр Жапаров, Өмүрбек Суваналиев, Сыймык Жапыкеевдин талапкер болууга ниети бар экени айтылган.

Последние новости