www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-октябрь — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөн күнү. Быйыл кызматтын түптөлгөнүнө 108 жыл толду.
Бул күнгө карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгында бөлүмдөр жана кызматтар арасында кичи футбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин так аткарып, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана кылмыштардын бетин ачууда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ИИМдин жана Ош ШИИБдин сыйлыктары тапшырылды.
Сыйлыктарды Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Дамирбек Исаков тапшырды.
Ал кылмыш иликтөө кызматкерлеринин татаал жана жооптуу ишин белгилеп, алардын жарандардын укуктарын коргоодогу, кылмыштардын бетин ачуудагы жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуудагы эмгегине жогору баа берди.
Дамирбек Исаков кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кызматтык ийгиликтерди каалады.
Кылмыш иликтөө кызматы милициянын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарынын бири болуп саналат. Кызматтын кызматкерлери кылмыштарды ыкчам аныктоо, бетин ачуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жооптуу милдеттерди аткарып келишет.
Кызматтын 108 жылдык тарыхында ички иштер органдарында эмгектенген ардагерлердин да салымы чоң. Алардын тажрыйбасы бүгүнкү кызматкерлер үчүн маанилүү кесиптик мектеп болуп саналат.