www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайынсыз болгон учактагы бардык жүргүнчүлөрү каза болду

Орусиянын Камчатка жарым аралында дайынсыз болуп жаткан АН-26 жүргүнчү ташуучу учагынын сыныктары Охот деңизинин жээгинен табылды. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматындагы өздүк булактарына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, АН-26 учагынын сыныктары Палана шаарчасынан 3,8 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан тик учактан көрүнгөн.

Бүгүн, 6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары. Учурда АН-26 учагын издөө иштери улантылып, ага деңиз кемелери, тик учактар тартылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча Орусиянын Камчатка аймагында дайынсыз болуп жаткан АН-26 учагынын бардык жүргүнчүлөрү каза болду. Бул тууралуу өздүк булактарына таянуу менен Орусиянын ТАСС басылмасы жазды.

Учактын сыныктары Палана шаарынан 3,8 чакырым алыстыктагы Охот деңизинин жээгинен табылган. Учак ташка урулган болушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости