www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы төрт ай ичинде COVID-19 дагы 22 жолу мутацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Vir Biotechnology компаниясы менен Темпл университетинин Геномика жана эволюциялык медицина институтунун (АКШ) изилдөөсүнө таянып medRxiv порталы жазды.
Адистер SARS-CoV-2 вирусунун жабышчаак белогунун кандайча өзгөрөрүн алдын ала биле баштады. Мындан улам жакынкы айларда вирус 22 түрлүү мутация болору божомолдонууда. Айрым түрдөрү антителонун деңгээлин түшүрүп жиберүүгө жөндөмдүү болуп, вирустун бул варианттары планетага массалык түрдө жайылары айтылып жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин бул окумуштуулар дельта штаммынын пайда болорун алдын ала айтышкан. Алар вирустун кандай мутация болорун атайын математикалык модель аркылуу аныкташат. Ушул тапта илимпоздор пайда болчу штаммдарды беш ай мурда биле аларын айтууда.
Булак: NazarNews.kg