www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башыбызга мүшкүл иш түшкөндө, сыноо келгенде түрдүү көз караштарга бөлүнүп, сын айтып, табалап карап турбайлы. Мындай пикирин журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Бир боорлор, кыргызстандыктар! Тажикстан тарап бүгүн биздин тынч жаткан элге кол салып, аткылап, жаӊжал жаратты. Алар, мындан бир топ күн мурда эле Баткен менен чектеш аймактарга, талаш жерлердин жака белине траншея казып, согушка даярдык көрүп жатышкан. Мындай маалыматтарды интернет булактарынан дагы көргөн элем, бирок Ыйык Рамазан айында канатташ элге кол салат деп күткөн эмесмин!

Башыбызга мүшкүл иш түшкөндө, сыноо келгенде түрдүү көз караштарга бөлүнүп, сын айтып, табалап карап турбайлы. Мекенден өткөн ыйык эч нерсе жок. Жаӊжалдын уланып, кан төгүүлөр болуп кетишинен Кудай сактасын! Бирок, мындай учурда айрым акылдуу саясатчылардын кадимкидей кубанып, табалап, бийликтин катачылыгын санап отурганын туура көргөн жокмун.

Кол салгандар – баарыбыз үчүн душман. Душман алдында бөлүнбөй ынтымакта бололу.

Facebookтагы эксперттер, маалымат таратуучулар көп. Мен эмнени байкадым? Тажикстан тарап, «бизге биринчи кыргыздар кол салды…» - деп бир башы канаган адамды жалпылап чыгарып, таратып жатышат. А биз болсо саясий көз караштарга бөлүнүп, эки-экиден урушуп жатабыз. Келгиле, курал алып чуркаганга жете элекпиз, жок дегенде маалыматтык жактан бирдиктүү, улуттун туусунун алдында бирге туралы!

Эгер, мекен үчүн аттаныш керек болсо, курал кармап, мекенди коргогонго ар намыс, дух жана жөндөм, ден-соолук, күч кубат жетет!», - деп кошумчалаган Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости