www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендин Көк-Таш айылынын тургундарынын айтымында, тажиктер чыр чыгарууну бир канча күн мурун эле даярданышкан. Аялдарды жана балдарды алып чыгып кетишкен.
Көк-Таш айыл аймагынын башчысы Разия Өсөрова жергиликтүүлөр жарыялаган түз эфирде ушул тууралуу айтып берди.
--"Булар бир айдан бери даярданышты. Төрт күн мурун бала-чакасын, үй-бүлөсүн чыгарып кетишкен. 20 күндөн ашып калды 500дөй солдатты алып келип, мектебине төгүп койгон. Бирок миңге жакын эле солдат болсо керек. Азыр атышып жаткан ошол аскерлер. Жана ылдый жакка да 2 миңдей солдат алып келишкен. Тажикстандын чек арачылары жөнөкөй жаран катары кийинип алып, атып жатышат. Биздин аскерлерге ок чыгаргыла деген буйрук берилген эмес. Булар "Головнойго" атайын келип, тийишип, кыргыздын жеринде турган столбага видеокамера орнотушту. Мен азыр аял башым менен ушул жерде жүрөм, 51 жыл болду, жерибиз үчүн салгылашып келе жатам", - дейт ал.
Разия Өсөрова чек арада солдаттын санын көбөйтүү керектигин айтат. Ошондой эле Бишкекте ар кайсы маселелер боюнча митинг-пикетке чыккандар чек арага келип, тажиктерден жерди коргоо үчүн кыйкырышсын деген оюн кошумчалайт.
Булак: Марал FM