www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиевдин оюу калыптана элек тентек баладай эле көрүнөт. Мындай пикирди журналист Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына жазды.  

--"Алымкадыр Бейшеналиевдин сүйлөгөнү, логикасы мага түшүнүксүз. Ал философиялык сырдуу сөздөр менен сүйлөйбү, айтор билбейм. Азыр мамлекет элди вакцина алууга үндөп жатат. Башында элдин жүрөгүн түшүрүп, тескери агитация кылган ушул киши.

Жакында дагы "вакцина алсаңар тукумсуз болуп калышыңар мүмкүн же мүмкүн эмес"-деп эки анжы ойго салды. Тукумсуз болуп, эркектик эрктен ажырап калган ковидден дагы жаман да. Анда жашоо черно-белый болуп калат. Аны уккандар вакцина албай качып жүрөт, Президент болсо элди эмдөөдөн өтүүгө чакырууда.

Айтайын дегеним, бүгүн Гансидеги стационар талапка жооп бербейт, бейтаптар деле ал жакка барбаса керек дейт. Талапка жооп бербесе, анда талапка жооп бере турган кыл да, ким кой деп жатат? Кыла турган сиз го?! - дейт да кайра туристтерге ошол жактан орун даярдадык дейт. Вакцина болсо бүт өлкөдө эле президент, премьемдин деңгээлинде чечилет деп, өзүнөн жоопкерчиликти алып салды. 

Ушул киши кызыктай эле адис экен, министрлик кызматка түк татыксыз. Оюу калыптана элек тентек баладай эле көрүнөт", - дейт журналист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости