www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-июлда Парламенттин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду.
Анда Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов депутаттарга жогорку билимдин кереги жок дегенине нааразычылыгын билдирди.
Депутат Исманов Жогорку Кеңешке жогорку билимдүү адам келиши керектигин белгиледи.
«Депутат болуп келген адам кайсы мыйзамга же эмне тууралуу талкуу бюолуп, эмнеге добуш берип жатканын билиши керек. Элдин атынан келген адам жок дегенде орто билимдүү адам болушу керек», - деди Исманов.
Эске салсак, буга чейин БШКнын төрайымы Жогорку Кеңешке депутат болуу үчүн жогорку билим талап кылынбастыгын айткан.
Белгилей кетсек, мындай норма учурда колдонулуп жаткан мыйзамдарда дагы бар. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинде мындайча жазылган: «Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу».
Булак: NazarNews.kg