www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Канчалаган балдар майып, канчалаганы көзү сокур калды. Шайлдабекова аны эске алган жок”, - деди бүгүн, 15-июлда Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезектеги жыйынында.
Момбеков: Шайлдавекова сиздин бул мыйзамда эч кандай тийешесин жок экен. Эч нерсе билбейт экенсиз. Мен кечээ, бүгүнкү депутаттардын суроолоруна жооп берип жатканыңызды көрүп ынындым да. Сиз бул мыйзамдарга аралашып көргөн дагы эмес экенсиз. Сиз суроолорго жооп бере албай жатасыз. Элдин талабы эске алынды деп жатасыз. Ошол кайсыл элдин талабы эске алынды?
Шайлдабекова: Биринчи эле талап бул шайлоого катышуу үчүн талапкерлер партия менен гана кириш керек. Бул талап баарыбызга эле белгилүү.
Момбеков: Андай эмес! Аянтка чыккандардын башында мына мен дагы болгом. Биз андай талап койгон эмеспиз. Эл эки нерсеге каршы чыккан административдик жана финансылык ресурстарга. Шайлоо учурундагы добуш сатып алуу сатууларга каршы чыкканбыз. А силер азыр тескерисинче жол ачып берип жатпайсыңарбы. 35 аймакка бөлүп койдуңар. 35 каймак байманаптарды келтирип жатпайсыңарбы. Ушулбу силердин реформаңар?
“Бул мыйзамды алып келдиңер капка салган шибегедей кылып. Бул мыйзамыңар иштебейт. Шайлоо шайлоо дейсиңер силер эч нерсени эске алган жоксуңар. Канчалаган балдар майып калды канчалаганы көзү сокур калды. Силер ошону эске алдыңырбы?”, - деди ЖК депутаты Рыскелди Момбеков.
Булак: NazarNews.kg