www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элдин жыргал жашоосу үчүн деп кыйкырып жүргөндөргө кызмат жетпей калган күнү нааразычылыктары чыга баштады. Мындай пикирин бүгүн 3-февралда журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Алакандай мамлекетке көп министрлик эмне кереги бар деп жүргөндөр, эми барын эле кошуп салды деп нааразы болуп баштады. Кечээ эле мактап, колдоп жаткандар, жыйынтыгын көрбөй, баштала элек бийликтин кадамдарын сындоого өтүштү.
Элдин жыргал жашоосу үчүн деп кыйкырып жүргөндөргө кызмат жетпей калган күнү нааразычылыктары чыга баштады. Булар эртең кайра эле оппозиция болуп чыгышы мүмкүн. Кызматы бар учурда унчукпай, жетпей калган күнү кыйкырган адамдарда «элдин жыргал жашоосу үчүн» деген жөн гана бетине кармаган маска.
Бизге стабилдүүлүктөн өткөн кымбат эч нерсе жок. Тынчтыктын кадырын билбей, баалабай жатат окшойбуз. Ар бирибиз пейилибизди оңдошубуз керек», - белгиледи ал.
Булак: NazarNews.kg