www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 29-майда, социалдык тармактарда добуш сатып алууну талкуулаган аудио жазуу тарап, андагы үндү уккандар аны талапкер Дамира Ниязалиевага таандык деп болжогон. Ошол эле түнү анын кеңсесинде тинтүү жүрүп, кеңсенин эшигине мөөр басылды.
Ал эми Ниязалиева өзү муну кысым деп эсептээрин журналисттерге билдирди: "Ушундай кысым болуп жатат. Алган добуштарымды жокко чыгарууга аракет болууда. Мен ойлойм, бул биздин оппоненттерден болуп жатат болушу керек. Алардын тилеги менен менин добуштарым жокко чыгарылса, анда кайра шайлоо болот. Аудио боюнча мен ойлойм, монтаж болгон. Керектүү жерлерин алышкан. Кылмыш иши козголгон. Бул монтаж. Ал сөздөр болгон эмес. Ошонун негизинде кылмыш ишин козгоо канчалык туура экенин юристтерим айтат. Азыр Бишкек ШИИБинин кызматкерлери келди",- деди ал.
Буга чейин соцтармакта добуш берүү күнү интернетте шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн үй комитеттеринин бирине жымжырттык күнү акча бөлүштүрүлгөн видео пайда болгон. Видеого тартылгандар - Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабынын кызматкерлери экени айтылган.
Булак: NazarNews.kg