www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дамира Низалиева качан кылмыш жоопкерчилигине тартылат?

Бишкек шаарынын Ленин райондук бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо Кубанычбек Самаков жеңип, мандат алды. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын сатып канчалык жандалбастаган менен Руслан Тагаевдин максаты суу кечкен жок. Самаковду добуш сатып алды кылып жыдытууну көздөгөн ниети да ишке ашпай калды. Айтор, мыш болду.

Арийне, биздин айтайын дегенибиз башка. Буга дейре дал ушул райондон талапкерлигин коюп, шайлоодо жеңип чыккан Дамира Ниязалиева добуш сатып алууга айыпталып, шайлоо жараксыз болгон. Натыйжада мамлекет ири өлчөмдө зыян тартты.

Бул ишке байланыштуу убагында БШК Ленин району боюнча депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Комиссиянын жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков сөз сүйлөп, талапкердин добуштарды сатып алуу фактылары тастыкталганын билдирген болчу. 

Мына андан бери кыйла убакыт өттү. Ленин районунан кайра шайлоо өтүп, мамлекет чыгым болуп, кайрадан оңбогондой каражат сарпталды. Буга жооп берген жан болгон жок.

Ошол эле Дамира Ниязалиевага козголгон кылмыш иши унуткарылып, кар жаады, из басты болуп дымыды. Эми ушул кантип акыйкаттык болсун? Минтип мыйзам алдында жоопкерчилик тартпай турган болгон соң, шайлоону жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүп мамлекетти чыгым кылыштын кажети бар беле?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости