www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Инцинат” деген эмне? же Кыргызстан президентинин өмүрүнөн жети ирмем
Алгы сөз
Өнүккөн өлкөлөрдө президенттин денсоолугу мамлекеттик сыр эмес – психикалык жактан да, физикалык жактан да. Пресса менен оппозиция дал ушул акылы ордунда эмес адамды бийликке жолотпоо үчүн зарыл. Кейиштүү мисал – Дональд Трамптын АКШ президенти болуп шайланганы, көпчүлүк аны акылы ордунда деп эсептебейт. Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевди ага кантип салыштырбай коесуң: тигил да, бул да негизги душманы катары демократиялуу прессаны аташты. Трамп менен бардыгы түшүнүктүү дечи. А кыргыз лидерине журналисттер эмнеси менен жакпай калышты? Балким массалык маалымат каражаттары анын баскан-турганына, сүйлөгөн сөзүнө өзгөчө басым жасап койгону үчүнбү?
Биринчи ирмем
2016-жылдын 31-августунда, Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгында президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү түз эфирден көрсөтүлүп, бүткүл өлкө тарабынан талкууга алынды. Бишкектин борбордук аянтындагы майрамдык маанай маң болду. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Атамбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ар-намысына шек келтире баштаганда, экс-президент Роза Отунбаеванын аянттан кетип калган видеокадрды сайттарга коюшуп, чоң талкууга алышты.
Алты жыл мурун президенттик шайлоодо Атамбаевдин талапкерлигин колдоп, энелик батасын берген сыяктуу бийликти өткөрүп берген Р.Отунбаеваны “Эл Отунбаевага добуш берген эмес” деп, “самозванка” атап, элди текени ээрчиген малга теңеди. “Теке” дегени – “Башмыйзамдын атасы”, өлкөнүн эгемендүүлүк алган күнүнөн бери карай саясатта жүргөн Өмүрбек Текебаевди айтканы эч кимге жашыруун эмес эле.
Анын мындай сөзүнө атүгүл Атамбаев жөнүндө жылуу пикирде жүргөндөр таңгалышты. Ал күнү эл улут лидеринен таптакыр башка сөздү күтүшкөн эле.
Экинчи ирмем
2016-жылдын 19-сентябрында Нью-Йоркко учуп бараткан өлкө башчысынын учагы Стамбулга конду – президенттин БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 71-сессиясына болгон расмий сапары болчу. Түрк ММКлары Атамбаевдин жүрөгү кармап, тез жардамдын машинеси менен Эгей деңизинин жээгиндеги ооруканага алып кетишкенин көрсөтүшкөн эле. Бирок түрктөрдүн Haberler интернет-порталы Атамбаев ооруканага жаткырылбай эле, Түркиянын батышындагы Чешме шаарынын эң кымбат “Шератон” мейманканасында экенин билдирди.
Анын ордуна Нью-Йоркто БУУнун Генералдык ассамблеясында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сөз сүйлөдү. Президенттин басма сөзү кечигүү менен өлкө башчысы денсоолугуна байланыштуу кыска мөөнөткө эс алуу алганын жар салып, бирок диагнозун так айтпады. Эки күн мурун эле, 17-сентябрда Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин ден соолугу мыкты эле, күлүп-жайнап 60 жылдык тоюн майрамдап жүргөн.
Президенттин ден соолугун эл талкуулап, ичкилик жөнүндө имиштер да тарады. Анын ичимдик ичкени – Кыргызстанда уламыш болуп айтылып калганы жашыруун эмес. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров өзүнүн китебинде 2009-жылдагы президенттик компанияда Атамбаевди жайлаган дал ушул ичкилик болгонун төкпөй-чачпай сүрөттөп бериптир, шайлоочулар менен жолугушуудагы мас абалын телеканалдар кайра-кайра көрсөтүшкөн эле – ал видео азыр да Youtube (Ютубда) жүрөт.
Үчүнчү ирмем
Он жыл мурунку учурга кайрылалы. 2007-жылы Бишкекте тынбай өткөн митингдер тынчыгандан кийин дагы бир “маалымат бомбасы” жарылды. Бир ай мурун премьер-министр кызматына келген Алмазбек Атамбаев парламенттин жыйынына катышып, Акүйдөн ага уу берилгенин “балп” эткен. Анын айтканы боюнча, 11-майда кызматтык кабинетинен бир стакан суу гана ичкенин, ошондон кийин эки күнгө эсин жоготуп койгон.
“Эки күн эсимди жоготуп жаттым. Мага уу берилгенин билем” деп, бир жума медиктер канын тазалаганын кошумчалаган. Бирок ага ким суу бергенин, кимден шектенип жатканын так айтпастан, болгону: “Мени минтип коркута алышпайт. Мен эми кызмат ордуман кетпейм” деп билдирүү жасаган.
Бирок эмнегедир премьер-министрдин ууланганы боюнча фактыны бир дагы доктур тастыктабады, өзү да медициналык далилин келтирген эмес. Бир гана мамлекеттик кароолдогу булактар аркылуу журналисттерге сыр түрүндө Атамбаев ал күнү суу ичпестен, башка түссүз суюктук ичкенин, аны Стамбулда учактан алып чыккан сыяктуу үйүнө жеткирилгени белгилүү болгон.
Төртүнчү ирмем
Кыргызстан президентинин өзгөчө сүйлөгөн сөздөрүн айтып олтурсаң, сөз да түгөнбөйт, убакыт да жетпейт: биз болгону оркойгон мисалдарына гана токтололу.
2016-жылдын декабрь айында Индияга расмий сапар менен барып, жылкы теппей индус бизнесмендерине кантип акча жасоо керектигин үйрөтүп киргенин жакшы билебиз.
“Мен бизнесимди 1989-жылы баштагам... Мен анда эң бай киши болчумун, “Мерседестин” эң акыркы маркасын минчүмүн, а биздин президент Акаев анда шведдердин “Вольвосун” минчү... Кыргызстанда инди чайын сатып миллион жасаган түрктү билем, - 1993-жылы ал “Москвич” минип, акчасы жок жүрчү, азыр ал Түркияда сыйлуу адам”.
Анан эле “демек силер уктап жатасыңар, силердин бизнес ойгоно элек” деп бир майда өлкөнүн башчысы үнүн бийик чыгарып, калкы жер шарынын алтыдан бир бөлүгүн түзгөн, дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кирген Лакшми Миттал, Анил Амбани сыяктуу миллиардерлери бар Индиянын бизнес чөйрөсүнө акыл үйрөтүп кирген.
Аягында сөзүнө түшүнбөй, таңгалып караган индус бизнесмендерине “Кыргызстан – бул Кудайдын белеги!” деп кошумчалаган.
Бешинчи ирмем
2017-жылдын февраль айынын аягында Бишкекке Владимир Путин келип, Кыргызстан президентинин кайра-кайра жабышканына өзүн ыңгайсыз сезип жатканын көрүп турдук. Орус коллегасын бир кучактап калат, бир колунан кармап, өзүнө тартат... (Атамбаевдин бул кылыгын кремлдин журналисти Андрей Колесников “Коммерсант” гезитине “шылдыңдап” жазып чыкты).
“Дүйнөдөгү эң таасирдүү кишинин” (Путиндин) ыңгайсыз болгонун америкалык “СиЭнЭн” менен “Таймс” маалымат каражаттары кабарлады – экөөнүн биргелешкен пресс-конференциясында “кыйын” Атамбаевдин жанында Путин карапайым кишидей көрүнүптүр.
“Мен силерге эскертип коеюн, болуп өткөн эки революциянын лидери Атамбаев болгон, - деди өлкө башчысы. – үчүнчү революция болбойт, анткени аны мен жасабайм... Атамбаев долларлуу мультимиллионер болуп турганда Салымбеков жаңыдан бизнесин баштап жаткан, Бабанов сельхоздо окучу” деп өзүн жергиликтүү байларга салыштырды.
Владимир Владимирович өзүн кармап, Бишкекке конбостон, тек кана учуп кетип калды, ал эми эл өзүнүн мультимиллионер президенти жөнүндө сактануу менен да, тамашалап да талкуулай башташты.
Алтынчы ирмем
Алты күндөн кийин эле, 6-мартта Атамбаев мыкты жарандарына мамлекеттик сыйлык тапшырып жатып, таптакыр башка сөзгө өтүп кетти. “Мыйзам эмес, ушак чыгарган” парламентти тарап кетүүсүн айтып, ал эми Жогорку Кеңештеги бир партияны “сасыган партия” деп дагы “балп” этти.
6-мартта “Ата Мекен” партиясы Башкы прокуратурага билдирүү жасап, Атамбаевдин айткандарына укуктук баа берүүнү жана президентти психиатрдык экспертизадан өткөрүүнү талап кылды.
“Соңку учурда Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрү анын акылы ордунда эмес экендигинен шектенүү жаратат. Биз өлкө башчысынын денсоолугун аныктоо үчүн көз карандысыз адистерден турган врачтык комиссия түзүүнү талап кылабыз” деп айтылат темир тор артынан жазган Өмүрбек Текебаев төрагалык кылган партиянын билдирүүсүндө.
Жетинчи ирмем
2017-жылдын 15-мартында чет элдик мамлекеттердин элчилеринен ишеним грамотасын кабыл алып жатып, Атамбаев дипломатиялык лексикондун пайдаланбастан, журналисттерге болгон ичкүптүсүн чыгарып алды. Дагы “сасыган” деген сөздү колдонду, ал үчүн сотко беришсе да, бул ирет “сасыган” деген сөздү беш сүйлөмдө алты жолу колдонду.
Мындан тышкары, орусиялык жана жергиликтүү ММК өкүлдөрүнүн аты-жөндөрүн атоо менен ар-намыстарына шек келтирип, алардын чөнтөгүндө чет элдик паспорттору бар экенинен шектенип, анан Путин менен кучакташканын унутуп коюп, орусиялык журналисттерди өз өлкөңөрдө, Орусияда демократиянын жоктугун сындагыла, “бизге АКШ мамдепартаменти менен “Азаттык” радиосунун ойногону жетиштүү” деп элчилерге ушакчылар ким экенин баяндап бергенге да үлгүрдү.
“Ушакчылар – бул моралдык түрүсуук жексурлар. Өзүнүн туугандарынын сөөгүн жеген киши жегичтер” деп Атамбаев жакында Башкы прокуратуранын “Заноза” сайтына, “Азаттык” радиосуна, Текебаевдин адвокаттарына берилген доо-арызды тастыктап жатып. Эртеси эле “Ата Мекен” партиясынын адвокаты менен “Заноза” сайтынын журналистинин мүлкү камакка алынды.
Соңку сөз
Башчылардын бир башкача жүрүм-туруму, кызыктай айткан сөзү өзгөчө тема, аны атайын адистер изилдешет. Бүткүл дүйнөдө бул боюнча жүздөгөн макалалар, көп сандаган илимий эмгектер жазылып, көркөм жана документалдуу тасмалар тартылды.
Тилекке каршы, акылынан айныган мамлекттик башчылар байыркы замандарда гана болбостон, азыр да тирүү экенин көрүп жүрөбүз. Алардын эң жайылган оорусу – бул паранойя.
“Паранойя” деген сөз – байыркы грек тилинен келгенин Википедия билдирет. Которгондо “айныган ой” же “болжолдоп ой-жүгүртүү” дегенди түшүндүрөт. Медицинада калыптаган психоз айтылат, логикага салынганы менен, жиндидей идеялар иретке салынып, акырын өрчүп кете берүүсү. Паранойя менен ооругандар ар кайсыдан шектенип, кадимки эле окуялардан душман издеп, өзүнө каршы жамандык уюшулуп жатканынан шектене баштайт. Бирок башка жагынан а киши кадимкидей ой жүгүртүп, логикасынан шек алдырбайт. Башка психикалык оорулардан айырмаланып, параноиктер максаттуу, утурлай ой жүгүртөт, алардын жүрүм-турумун алдын ала айтса болот.
Оорулунун патологиялык ой жүгүртүүсү реалдуулуктун элементтерин камтыйт, оорулуу ойлору менен кадимки ойлору жуурулушуп, кайсыны кайсы экенин билбей, ошол ойлоруна таянып калат. Башка калыптанган оорулар сыяктуу эле паранойянын күчөгөн жана тынчып калган учурлары бар, алкоголизм бул ооруну козуткан факторлордун бири.
Бул оорунун бир түрү – мегаломдук паранойя же өзүн шумдук сезүү, “Цезарлардын жиндилиги” деген ат менен белгилүү. Мисалы, байыркы учурдагы рим императору Калигуланы алалы. Ал өзүнүн Инцинат деген тулпарын рим сенатору кылып дайындаган. Ошондон тартып, “инцинат” деген сөз колдонулуп келет, кээ бир журт башчылары жиндидей буйрук чыгарып, тармакка тиешеси жок кишилерди кызматка дайындашкан.
Белгилей кетчү жагдай - Алмазбек Атамбаевдин оппоненттери аны дал ушул боюнча кине коюп келишет: өз айдоочусу Икрам Илмияновдун президенттик администрациянын орун басары, мурдагы жансакчысы Улан Исраиловдун Ички иштер министри, дагы бир жансакчысы Болот Сүйүнбаевдин улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисинин орун басары, айыл-чарба институнун бүтүрүүчүсү, “Сорос-Кыргызстан” фондунун мурдагы кызматкери, Акаевдин мурдагы пресс-катчысы, күч органдарына тиешеси жок Абдил Сегизбаевдин жогорку кызматтарга коюлганы көп суроо жаратат.
Бул эмне “инцинат” эмеспи?
Даниил КИСЛОВ
Макала “Фергана” эл аралык маалымат агенттигинен алып которгон Эрзат Бакбергенов
Булак: NazarNews.kg