www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдөгү учурдагы инфляциялык кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Талкууга тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубеков жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты жөнүндө толук презентация жасады. Докладда керектөө бааларынын индексине таасир этүүчү тышкы жана ички факторлорго талдоо жүргүзүлүп, жакынкы мезгилге инфляциялык күтүүлөр боюнча божомолдор айтылды.
Баалардын туруктуулугун сактоо фискалдык жана монетардык чаралардын тыгыз координациясын талап кылары белгиленди. Докладды жана ведомстволордун жетекчилеринин пикирин угуп, Данияр Амангелдиев экономикалык өсүштүн жогорку темпинин фонунда жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу Министрлер Кабинетинин талашсыз приоритети болуп саналарын баса белгиледи.
«Экономиканын динамикалуу өнүгүшү инфляциялык процесстерге катуу көзөмөл жүргүзүү менен коштолушу керек. Биз тышкы шоктардын ички рынокко тийгизген таасирин, айрыкча социалдык маанидеги товарларга тийгизген таасирин азайтууга милдеттүүбүз», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин биринчи төрагасынын орун басары.
Талкуунун жыйынтыгында Данияр Амангельдиев тиешелүү мамлекеттик органдарга баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды ыкчам иштеп чыгууну, азык-түлүк коопсуздугуна жана ички рынокту ата мекендик продукция менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Жыйынтыгында Данияр Амангелдиев макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды өз убагында ишке ашыруу үчүн ведомстволордун жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.