www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев Өзгөндөгү жер көчкүнүн алдында калып, каза болгондорго карата, "көчкүлө десек көчпөй, малдын артынан жүрүп, мына эми эмне болдуңар"- деп, кейиген киши болуп кеп айтты. Бирок ошол жер көчкүнүн алдында калган үй-бүлөлөрдү кайда көчкүлө деген экен бийлик ошону айткан жок. Көчкү жүрүп кетүү коркунучу бар айылдардагы адамдарга атайын ссуда берип, же үй куруп туруп, мамлекет ошол жакка көчүрүп чыгат. А биздин бийлик эмне деди экен аларга? Эки күн мурун барып, ата бабасынан бери өмүр бою жашап жаткан жеринен "тез көчүп кеткиле" деп, айтып коюп кетип калышкандыр да кайрандар.. Анан айылдагы төрт түлүгүн айдап алып, тигилер кайда барышсын?
Кайсыл жерден баш паанек издешсин? Элди "мал артынан жүрүп, бала чакаңар менен кошо кырылдыңар деп, сынаардан мурун кичине ойлонбойбу бул киши. Өлкөдө жумуш жок болср, элди иш менен камсыз кылууга завод-фабрика деген нерселер иштебесе. Малдын артынан жашап жатпайбы азыр айылдыктын баары. Айрыкча тоолуу райондордогу элдердин гектарлаган жерлери жок. Алар дыйканчылык кыла алышпайт. Карагандары мал. Ошону менен жан сакташып, жашоо кечирип келатышат. Анан мал- коюн айдап, бала чакасы менен кайда көчүп кетиши керек эле эки күндүн ичинде? Силер мына бул жерге көчүп алгыла деп, бир ар жерди утурумдук болсо да үй-жайы менен сунуштадыңар беле? Аз күнгө болсо да эвакуация кылсаңар болбойт беле көчкү болоорун билген экенсиңер?!
Мунун баары болгон эмес, эч ким ага кам көргөн эмес. Эгер андай болсо эмнени сүйлөп жатасыз президент мырза?!
Анан дагы бир кеп: Президент мырза! Бул жерге жашаганга болбойт экен, дагы бир самолет учуп түшсө, дагы өлүм болот. Башка жер бергиле, элден 100 миллиондон ашык акча чогулду ошого айыл куруп алалы деген Дача СУлуктарды көчүрүп кыйраттыңарбы? Жер жок, жашагыла ошол жерде дагы бир учак тепселеп кеткиче барыңарды дегендей эле мамиле кылып жатасыңар го. Тирүүсүндө кадырына жетпеген элге өлгөндөн кийин "малдын артынан жүрбөй, көчпөйт белеңер"- деп, кейимиш болбой эле койгулачы!
Дариха Ишанованын Фейсбук баракчасынан алынды:
Булак: NazarNews.kg