www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык дарыгерлердин 20%га жакыны, негизинен, Орусиянын вакциналарына ишенбестиктен улам, COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү сунушташпайт, деп жазат Forbes.ru.

Дарыгерлер менен медайымдардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, массалык эмдөөнү дарыгерлердин 62,9% колдойт, адистердин 17,5% эмдөө алууну бейтаптарга сунуштоону чече элек, 19,6% бейтаптар эмдөөнү сунуш кылбайбыз деп жооп беришкен.

Мындай натыйжаларды "Aktion Medicine" сервисинин изилдөөсү көрсөттү. Ал медициналык тармактын 2400 кызматкеринин, орто деңгээлдеги персоналдын (анын ичинде медайымдар менен фельдшерлердин) жана дарыгерлердин арасында жүргүзүлгөн.

Оорулууларга COVID-19га каршы эмдөөнү сунуш кылбагандардын ичинен көпчүлүк дарыгерлер (74,5%) муну орус вакциналарына ишенбөөчүлүк көрсөткөндүгүн айтышты. Дарыгерлердин жоопторунда ишенбөөчүлүктүн себептерин төмөнкүчө айтышкан: вакциналар өтө эле аз сыналган, илимий коомчулук, алып жаткан бейтаптар анын кечиктирилген терс таасирлери жөнүндө кабардар эмес. Эмдөөнү сунуштабаган ар бир төртүнчү дарыгер COVID-19ду эмдөөгө каршы эмес, дегеле жалпы эмдөөлөргө каршы.

Бейтаптарды эмдөөнү сунуш кылган адистердин көпчүлүгү Sputnik Vге ишенишет (64%), CoviVac вакцинасына азыраак дарыгерлер (25%), ал эми андан да азыраагы - EpicVacCorona вакцинасын колдошот (11%).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости