www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Хунань провинциясында, жарактан чыккан дарыя көпүрөсү бир нече секунданын ичинде атайын даярдалган жардыруудан улам талкаланды. Бул тууралуу New China TV телеканалы тасманы жарыялап, маалымат жазды.

Маалыматка ылайык, кадрларда узундугу 760 метрди түзгөн көпүрөнүн бир заматта майда бөлүктөргө чачырап, урап жатканы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда жардыруу бир эле мезгилде болбогону байкалат. Алгач, көпүрөнүн чети, андан кийин анын ортосу жарылган. Бүтүндөй кыйратуу процесси он секундду гана түзгөн.

Жарылуунун үнү чыккандан кийин асманга коюу чаң көтрүлүп, көпүрөнүн ортосу толугу менен суунун астына чөгүп, жээктеги бөлүктөрү бир калыпта кулап калганы байкалды.

Бул жерден алыс эмес жерге жаңы заманбап көпүрө курулган. Мурдагыга караганда узунураак болуп, транспортко көбүрөөк жол тилкелери бар.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости