www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин кайра абал курчуйт деген имиштерден кийин эл арасында кооптонуулар пайда болду.
Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоодон кийинки өлкөдөгү кырдаал боюнча маалымат берген.
«Бизде кайсы бир талапкердин тарапташтары шайлоо өткөндөн кийин митинг уюштуруп, кагылыш кылабыз деп жаткандар тууралуу маалымат бар», деген төрага.
Бул боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, генерал саясатчы Өмүрбек Суваналиев мындай пикирин билдирди:
«Кооптонууга эч кандай негиз жок. «Президенттердин баары 61 жашында кетип жатат» деген мистикалар болууда. Кыргыздар көзү ачыктарга көп ишенип алышат.
Эми эл орустардын Светлана Драган аттуу астрологунун айткандарына ишенип алышкан. Анын айтымында, Кыргызстанда жаз айларында чоң ревалюция болот.Анын айткандары жөн эле реторика, жөн эле сөз. Ал сөздөргө ишенип, эл дүрбөлөңгө салынбашы керек.
Ал эми митинг уюштурабыз деген талапкерлерге келсек, 18 талапкердин ичинен элди козутуп, кагылыш жасоого эч кимисинин күчү жетпейт. Эгер андайлар бар болсо, аларды эл колдобойт. Эл арлардын артынан ээрчибейт», - деди ал.
Эске салсак, астролог Светлана Драган Кыргызстанда алдыда эмнелер болот, кандай нукка өзгөрөөрү тууралуу өзүнүн божомолдорун айтып берген.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg