www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Миграция кызматынын төрагасы Таштанбек Каймазаров Россия ИИМинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова менен видеоконференц байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Казакова РФте Миграция тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатканын маалымдады. Анда чет элдиктердин өлкөгө кирүү жолун жеңилдетүү, каттоого алуу жана коюу тартибин санариптик форматка өткөрүү, жумушка орноштуруу, келгендерге биометрикалык маалыматтарын тапшыруу талабын коюу, Россияда жүргөн башка өлкөнүн жарандарынын айрым категориясын легалдаштыруу сунушталып жатканы белгиленди.
Ошондой эле Миграция башкармалыгынын базасында КР жарандарын легалдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында миграцияга чейинки даярдык борборун ачуу, жумушка орноштурууну уюштуруу системасын түзүү талкууланган.
Аны менен катар Каймазаров кыргызстандыктардын административдик майда эреже бузуулары үчүн РФке кирүүсүнө тыюу салган кара тизмеден чыгаруу маселесин көтөргөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар миграциялык маселелерди чечүүдө, маалымат алмашуу жана кыргызстандыктардын Россияда жумушка орношуусуна укуктук жардам көрсөтүү жаатында тыгыз иштешүүнү улантуу боюнча макулдашкан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg