www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Легендарлуу парламенттин» депутаты Керимкул Карабаев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, Керимкул Карабаев бүгүн, 28-декабрда узакка созулган оорудан улам дүйнө салды.

Белгилей кетсек, «Легендарлуу парламенттин» депутаты 82 жашта болгон.

Карабаев 1939-жылы Жумгал районунун Жаңы-Жол айылында төрөлгөн. Ал 1985-1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, эки жолу Чаек айылдык кеңешинин депутаты, партиянын облустук комитетинин мүчөсү болуп шайланган. 1998-жылдан баштап «Туу-Арча» дыйкан чарбасынын башчысы болгон.

Эске салсак, Керимкул Карабаев «Эмгек Даңкы» ордени, «Айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер» наамы, «Манас эпосуна 1000 жыл» медалы, президенттин ардак грамотасы, «Даңк» медалы менен сыйланган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-декабрда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында өтөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости