www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 16-июлда Бишкекте Улуттук госпиталдын тез жардам бөлүмүнүн дарыгерине кол салуу болгону айтылып, окуя талкууга түшкөн. Соцтамакка окуянын видеосу да жарыяланып, анда окуянын күбөлөрү кол салган адам укук коргоо органынын кызматкери экенин айтышкан.
Аталган окуя боюнча бүгүн, 17-июлда Бишкектин Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы толук маалымат берип, жаңжал чыккан жерде чагылдырган видеодо милиция кызматкери катышкан эместигин билдиришти.
«16-июлунда Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына Улуттук госпиталда медицина кызматкери менен бейтаптын ортосунда жаңжал болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аталган маалымат Биринчи май РИИБи тарабынан катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Чакыруу болгон жерге Биринчи Май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган учурда, чалуу тастыкталган жана бардык катышуучулар жеринде өздүгү такталган. Бул окуя боюнча эки тарап тең укук коргоо органдарына арыз жазбоо чечимин кабыл алышкан. Чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилгенин, катышуучулардын бири-бирине дооматтары жок экендигин билдиришип, арыз берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартышкан. Мындан тышкары, жаңжал чыккан жерде чагылдырган видеодо милиция кызматкери катышкан эмес. Буга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн туура эмес, такталбаган маалымат таратпоону өтүнөбүз», — деп жазылат милициянын маалыматында.