www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-ноябрга белгиленген Элдик Курултайдын биринчи жыйыны тууралуу депутат Дастан Бекешев пикирин билдирип, өзүнүн Telegram каналында математикалык эсептөөлөрү менен бөлүштү.

Анын айтымында, элдик курултайдын жыйынына 1000 делегат көрсөтүлөт. Ар бир делегатка райондун жана коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан конкреттүү маселе боюнча сөз сүйлөөгө тапшырмалар берилет. Ал эми делегаттарды көрсөтүүдө канча талаш-тартыштар болот! Баары президент менен сүйлөшкүсү келет.

"Элестетип көрөлү, Курултай 2 күн катары менен 10 саатка созулат. Ар бир делегатка 2 мүнөттөн убакыт берилсе, анда 600 делегат сөз сүйлөйт. Бирок андай болбойт го?

Курултай спикерди, катчылыкты шайлайт, күн тартибин карайт, добуш берет, талашат, президентти угат. Мунун баары убакытты талап кылат.

Миңдин ичинен эң көп дегенде 150 делегат сүйлөйт, 50-делегаттан кийин кызыксыз болуп калат, уга тургандар аз. Алар чыгып сүйлөөлөрдү токтотууну жактай башташат. Бул миң адам жыйынынын практикасы.

Коом менен диалог керек, бирок башка жолдору бар, абдан эффективдүү жолдору бар", - деди Бекешев.

Ал президентти Эгемендүүлүк күнүнө чейин саат 8де УТРКнын түз эфирине чыгып, телефон, социалдык тармактар ​​жана видео чалуулар аркылуу жарандардын суроолоруна жооп берүүгө чакырат.

"Ал эми түз эфирди туруктуу кылган жакшы: айына бир жолу. Негизинен мен курултайга каршы эмесмин, бирок али кабыл алынышы керек болгон Конституциялык мыйзамдын алкагында. Болбосо бир эле жарлык менен бардык маселелерди чечсе болот", - деп кошумчалады депутат.

Эске салсак, президент Элдик Курултайдын биринчи жыйынын 25-ноябрга дайындаган. Садыр Жапаров демилгелеген курултай тууралуу мыйзам долбоору парламентте каралып, бирок Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин мүчөлөрү аны четке какты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости