www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан быйыл 100 миллион доллардан ашуун карыз алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. 

--"Кыргызстан быйыл 100 миллион доллардан ашуун карыз алды. Президент Садыр Жапаров кечээ, 31-августта Ала-Тоо аянтында айтканындай, мамлекеттин телегейи тегиз болгону үчүн эмес, насыяны эл аралык каржы институттары биздин сунуштарды карабаганы үчүн аз көлөмдө алдык.

Анткени быйыл бизде бир нече жолу шайлоо болду. Банктар кырдаал туруктуу болмоюнча насыя беришпейт же сунушту карабайт. Ошондуктан, быйыл Кыргызстанга карыз аз берилди. Менимче парламенттик шайлоо тынч өтсө, кийинки жылы кайрадан насыянын көлөмү өсүшү мүмкүн", - дейт эл өкүлү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости