www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ата-Мекен” да, СДПК да бир чокойдон чыккан. Экөөнүн тең лидерлери Убактылуу Өкмөт менен келишип Атамбаев УӨнүн төрайымынын биринчи орун басары болсо, Текебаев орун басары болгон. Булар деле бийликти жок жерден алышкан. Бары эле билет, бул экөө камалып жатканда митингге чыккандар бийликти алышар менен пайда болушуп, Талгарбеков сыяктуу билермандардын айтуусунда жер-жерлерден өлүк жыйнашып, өлгөн кишилердин санын көбөйтүшүп, өздөрү бийликке умтулушкан. Митингдин Туу саяры Кайып Шери ошондо көтөрүп чыккан Туусун Текебаевге тапшырган экен, ал элчи болуп кетем деп турганда ушундай оор кырдаалда мезгилде кайда барасың дегендер табылды. Текебаев эми Кыргызстанда калса керек.Бирок, анын партиясы мурункудай дем менен иштебей, Атамбаевге, бийликти көздөй элдери кача баштады. Ал Убактылуу Өкмөт учурунда 120 депутаттык мандатка ээ Баш мыйзамды түзгөн. Бул Башмыйзам 11 жылдык өмүр сүргөн соң жаңы Конституцияга орун берди. Жаңы Башмыйзам боюнча 120 депутаттын саны азайып, 90 депутаттык орунга түшкөн. Бул депутаттардын тең жарымы партиялык тизме менен келсе, тең жарымы округдардан эл шайлап келет. Мурунку 120 партиялык тизме менен келе турган депутаттардын ордуна 45 адам гана келиши керек. Мындай парламенттик шайлоодо “Ата-Мекен” партиясы 2007-жылы болгон парламенттик шайлоодой болуп, парламентке өтпөй калышы күтүлөт. Ошондуктан, муну алдын-ала сезген Өмүрбек Чиркешович тынчырак парламенттик оюндардан чыгып кетейин деп жаткандай. Ал эми анын ордуна Убактылуу Өкмөт боюнча үзөңгүлөшү Атамбаев СДПК партиясынын ордуна түзүлгөн социал-демократтар менен ат салышууну көздөп турат. Бишкек шаардык Кеңешке болгон жарышта социал-демократтар кайра шайлоодо жеңишке жетишкен. Ушуга шыкактанып алышкан социал-демократтар мындай оор тобокелчиликке бет алууга даяр. “Таш менен жапалакты урса да жапалак өлөт, жапалак менен ташты урса да, жапалак өлөт” –дегендей камалып жаткан Атамбаев үчүн социал-демократтарды айдактоо менен кокус парламентке келип калса, башкы маселеси камактан кутулуу. Ошондуктан, “Жатып өлгүчө атып өл”- деп парламенттик шайлоого батыл киришмекчи. Атамбаев менен бирге бийлик олимпинде турган Сапар Исаков, Албек Ибраимовдор камактан качышып Кремлде башпаанек кылып жүрүшсө, Зилалиевдер камакта, Кубанычбек Кулматов камактан бошотулган. Ал эми Раиса Атамбаева социал-демократтарды көчүгүнөн түрткүлөп, Бишкекте маарага жетти. Эми булар парламенттик шайлоого аттанмакчы. Бул үчүн ал Убактылуу Өкмөттө коюндашы Өмүрбек Текебаевдин 2020-жылы 4-октябрда шайлоодо чогуу аттанган талапкерлерин чогулта баштады. Бул демилгени мурунку СДПКчы депутат Рыскелди Момбеков кызуу колдоду. Дагы парламенттик шайлоого убакыттар бар. Атамбаев Текебаевдин дагы канча талапкерлерин өзүнө имерип аларын убакыт көрсөтөт.
Убактылуу Өкмөттүн декрети туурабы же элдин пикириби: Убактылуу Өкмөттүн декрети менен 2010-жылдын 27-июнунда Өмүрбек Текебаев «атасы», Данияр Нарынбаев «апасы» катары Европадан көчүрүлүп алган Конституция референдумга чыгат. Ал кезде Түштүк аймагында өзбек сепаратисттеринин айынан Ош жаңжалы чыгып, Ош, Жалал-Абад элинин референдумга барып Текебаевдин Конституциясын колдомок түгүл, өз жан - айлаларын таппай жаткан. Убактылуу Өкмөт ушундай оор кырдаалдан пайдаланып парламенттик республикага өтөбүз деген Конституцияны өткөзүп алышты. Парламентте депутаттардын саны максимумду тээп, мурунку 90 депутаттын ордуна мамлекеттик бюджетти миллиондоп соргон 120 депутат пайда болду. Бир сүйлөмдөн он ката кетирген, сабатсыз, криминал менен байланышкан, байлыгы ашып-ташыган адамдар гана депутат боло баштады. Калың калктын катмары эмес, бийликти чойоктогон ушул депутаттардан түзүлгөн көпчүлүк коалициясынын «даңгыттары» ээлей баштады. Мамлекеттик рулду президенттин шопурлары, «телохранителдери», «секретаршалары», эшик шыпыргычтары ээлей баштады. Кыргыз мамлекети жарыла турган катастрофаларга жыла баштады. КМШлаш Орусия, Казакстан, Белорус, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттер биздин мамлекетке сын көз менен карай баштаган. Бийликте болуп жаткан фракциялар ортосундагы чыр-чатактардан улам, Кыргызстан өнүкпөй артка кетти. Келжиреген, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын коргогон дабдыр мыйзамдар кабыл алынып, элдин үнү тебеленип-тепселип кала берди. Элдин пикирлери эске алынбагандыктан акыры башаламандыкка алып келди. Парламенттик республиканы колдогон Конституциянын ышпалдасы чыгып, көпчүлүк депутаттардын санын азайткан Конституцияны күтүп турат.
Текебаевдин Конституциясына 2016-жылы Атамбаев журналисттерди жазалоо чараларын кийирген. Өмүрбек Текебаевдин Конституциясын 10 жыл боюу же 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөрткөнгө болбойт эле. Бирок, мындай мыйзамды уруп ойнобогон ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 16-декабрда референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү кийирет. Ал каршы чыккан журналисттерди жазалоо, камоо максатында азыркы Конституцияда жалган маалымат жазгандыгы үчүн адамды жазык жоопкерчилигине тартуу мүмкүндүгүн кийирген. Журналисттерди каралоо, камоо иштери кызуу ишке кирген. Албетте, мындай берене же журналисттерди камоо, эркин маалыматтардын оозун тыя алган жок. Ошол эле Конституциянын автору Өмүрбек Текебаев 7 жылга камакка алынып, аны колдогондор жоопкерчилик тарта баштаган. Мындай жазалоо ыкмасы жана кысым көрсөтүү менен эки колун байлап койгон күндө да журналисттер акыйкатты айтып турушту. Жаңы Конституцияда мындай чара алынып салынган. Ошондой эле сөз эркиндигинин кепилдиги, жарандардын жеке маалыматтарын коргоо жана мектепке чейинки билим берүү кепилдигин камсыздоо мурдагыдан жакшыраак жазылган.
Азыркы жаңы Конституция колдоого алынды, 2023-жылдан тарта эң төмөнкү пенсия жана пособие 5000 сомдон кем болбойт. Референдумга сунушталган Баш мыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө "Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш" деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген.
Демек, Конституция кабыл алынса, 2023-жылы жашоо минимуму канча деп белгиленсе, мамлекет жарандарга андан кем эмес пенсия, пособие берүүгө милдеттендирилет. 2020-жылы Кыргызстанда жашоо минимуму 5359 сомду түздү. Ал эми пенсионерлердики 4785 сом, 17 жашка чейинки балдардыкы 4015 сомдон 5139 сомго чейин. Бул ушунча каражат менен бир адам бир ай жанын бага алат дегенди түшүндүрөт.
2020-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 2020-жылдын 20-ноябрда Баш мыйзамдын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Кеңешменин курамына 90 адам киргизилген. Алар илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер эле. Бекбосун Бөрүбашев Конституциялык кеңешменин төрагасы, Канат Керезбеков менен Осмон Тогусаков орун басары болгон. Беш күндөн кийин үй-бүлөлүк шартына байланыштуу деп Керезбеков курамдан чыгарылып, кайра 10 адам кошулган. Ошентип 100гө чукул адам башкы документти жазууга киришкен.
2021-жылдын 10-январында референдум өтүп, президенттик башкарууну тандагандар утуп чыкты. Добуш берүүгө 1 миллион 401 миң 450 киши катышып, жалпы шайлоочулардын 39,33 пайызын түздү. Анын ичинен 81,5 пайызы президенттик башкаруу формасын тандады.
2020-жылдын 3-декабрда "Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу" мыйзам долбоору парламентте каралган. Элге "президенттик же парламенттик башкарууну каалайсызбы?" деген суроо коюлган. Аталган мыйзам долбоорун депутаттар үч окуудан колдоп берген. Бийлик "алгач башкаруу формасын аныктап алып, анан элдин тандоосуна жараша Баш мыйзам жазуу керек" деген позициясын билдирген. Натыйжада президенттик шайлоо менен бирге референдум өтө турган болуп, шайлоочулардын 81,5 пайызы президенттик башкаруу формасын тандады.
Европа кеңешиндеги консультативдик орган эсептелген Венеция комиссиясы Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жылдырылышы боюнча чукул корутундусун чыгарган. Анда мөөнөтү бүтүп, ыйгарым укуктары токтогон парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаларды жүргүзө албастыгы белгиленген. Жалпылап айтканда ЖК оюн эрежесин өзгөрттү деп кабатырланган. Өлкөнүн кээ бир юристтери да мөөнөтү бүткөн, жарым жан Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүүгө укугу жок экенин айтып келе жатышат. Ошондой эле долбоордо бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталбай калганы боюнча коңгуроо кагылууда.
Референдумдан кийин Конституциялык кеңешме ишин жандантып, 27-январда миссиясын жыйынтыктады. Долбоор 3-мартта Жогорку Кеңешке келип түштү. Бирок коомдук талкууга чыккан жок, муну анын лингивистикалык экспертизадан өтүп жатканы менен түшүндүрүштү. Акыры 9-февралда Баш мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Ал эми 17-февралда демилгечи депутаттар менен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуу өткөргөн. Бул күнү жаңы жагдайлар чыкты.
2-мартта долбоорду Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карады. Анда көп талкуу болгон жок, төрт-беш депутат гана суроо берүү менен чектелип, жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти. 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Анда депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун мүчүлүштүктөрүн айтып, оңдоону талап кылышкан. Бирок төрага Талант Мамытов долбоор талкууга жатпай турганын кайра-кайра эскертти. Натыйжада референдум өткөрүүгө эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, тогузу каршы чыкты.
10-март күнү долбоор экинчи окууда каралды. Жыйын башталып, күн тартиби бекитилип бир мыйзам каралгандан кийин эл өкүлү Бактыбек Турусбеков чыгып, Референдум дайындоо мыйзамын күн тартибине киргизүүнү сунуштап, добуш берүү менен чечилди. Талаш-тартыштан кийин добуш берүү башталды. Бирок ал күнү каралган башка мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, референдум дайындоону кийинкиге калтырышты. Референдум өткөрүү мыйзамына кеминде 80 депутат макулдук бериши керек Аталган мыйзам долбоору 11-мартта экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюлду. Жыйынтыгында 94 депутат "макул", алтоо "каршы" добуш берген. Алар: Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталия Никитенко, Чынара Урумкалиева, Бактыбек Жетигенов. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде бул Конституция элдин колдоосуна ээ болду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg